Татар: «Англиянын Кипрдеги базаларындагы кыймылдуулук Кипр аралын бутага айландырышы мүмкүн»
Англиядагы жолугушууларынан кийин өлкөсүнө кайткан ТКТР президенти Эрсин Татар Эржан аэропортунда журналисттерге маалымат берди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Англиянын Кипрде эки эгемен базасы бар экенин жана алар аймакта активдүү роль ойногондорун белгилеп, Англиянын базаларындагы кыймыл-аракеттердин Кипр аралын бутага айландырышы мүмкүн экенин айтты.
Англиядагы жолугушууларынан кийин өлкөсүнө кайткан ТКТР президенти Эрсин Татар Эржан аэропортунда журналисттерге маалымат берди.
Татар Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугунун (GCASC) кээ бир саясаттары жана Англиянын базаларынан учкан учактарынан улам Жакынкы Чыгыштан Кипрди бутага алган билдирүүлөр жасалганын эске салып: «Британиялык базалардагы кыймылдуулук Кипрди бутага айландырышы мүмкүн. Британия Кипрден чыгып жатып, келишимдер менен эки эгемендүү базага ээ болгон. Бул базалар «суверендүү» статуска ээ болгондуктан, эч ким кийлигише албайт. Британ учактары базалардан учуп жатат. Кээ бир жерлерде алар катышкан маселелер кийин Кипрди бутага айландырышы мүмкүн», - деди.
Англиядагы жолугушуулары учурунда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын жеке өкүлү Мария Анжела Ольгин Куэльяр менен да жолукканын белгилеген Татар, Куэлярдын сүйлөшүү процессин кайра баштоо аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар, Кипр сүйлөшүүлөрүнүн Кранс Монтанада токтогон жеринен улантылышынын мүмкүн эмес экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн алдыңкы шарттарынын Кипр түрк калкынын эгемендик тең укуктуулугунун кабыл алынышы экенин кайталады.
Англияда боло турган жалпы шайлоолорго да токтолгон Татар, жаңы шайланган өкмөттүн Кипр түрк калкынын укуктарын урматтоосу жана маселеге дагы адилеттүү мамиле кылышы керектигин баса белгиледи.