Азербайжандын Украинага жардамдары

Жейхун Байрамов Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн «2024 Украинаны жакшыртуу конференциясында» сөз сүйлөдү.

2151724
Азербайжандын Украинага жардамдары

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, согуш учурунда Украинага 40 миллион долларлык гуманитардык жардам бергендерин айтты.

Жейхун Байрамов Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн «2024 Украинаны жакшыртуу конференциясында» сөз сүйлөдү.

Азербайжандын ар дайым Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоп келгенин айткан Байрамов, 2022-жылдан бери Орусия менен уланып келе жаткан жаңжалды токтотуу жана маселенин эл аралык укуктун нормаларына жараша дипломатиялык жол менен чечилишин жактагандарын билдирди.  

Байрамов Азербайжандын Украинага биринчилерден болуп гуманитардык колдоо көрсөткөнүн баса белгилеп: «Азербайжан Украинага дары-дармек, азык-түлүк жана электр генераторлору менен бирге 40 миллион долларлык гуманитардык жардам берди»,-деди.



Тектеш кабарлар