Түркия-Азербайжан-Грузия машыгуусу

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, «Кавказ бүркүтү 2024» аттуу машыгуунун башталышы үчүн азем өткөрүлдү.

2148505
Түркия-Азербайжан-Грузия машыгуусу
kafkas kartali 2024.jpg
kafkas kartali 2024-1.jpg

Азербайжанда Түркия, Азербайжан жана Грузиянын атайын күчтөрүнүн катышуусунда биргелешкен аскердик машыгуу башталды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, «Кавказ бүркүтү 2024» аттуу машыгуунун башталышынан улам азем өткөрүлдү.

Аскердик машыгуу үч өлкөнүн гимндерин окуу менен башталып, мекен үчүн жанын аябаган жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди.

2009-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан машыгуу катышуучу өлкөлөрдүн атайын күчтөрүнүн ортосундагы достукту, кызматташтыкты жана координацияны өнүктүрүү, өз ара билим жана тажрыйба алмашуу, биргелешип аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.



Тектеш кабарлар