Азербайжандан Азиз Санжарга документ

Санжар AMIAнын чакыруусу менен келген борбор шаар Бакудагы AMIA Директорлор кеңешинин имаратын кыдырды.

2148061
Азербайжандан Азиз Санжарга документ

Нобель сыйлыгынын лауреаты түрк окумуштуусу, профессор, доктор Азиз Санжарга Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын (AMIA) ардактуу мүчөлүгүнүн сертификаты тапшырылып, AMIAда бөлмө бөлүнүп берилди.

Санжар AMIAнын чакыруусу менен келген борбор шаар Бакудагы AMIA Директорлор кеңешинин имаратын кыдырды.

AMIAнын төрагасы, профессор доктор Иса Хабиббейли тарабынан тосуп алынган Санжар имаратты кыдырып, маалымат алды.

Хабиббейли Санжарга бөлмө бөлүп бергендерин айтып, бөлмөнү тапшырды.

Санжар андан кийин AMIA Директорлор кеңешинин жыйындар залында илимпоздор менен жолугушту.

Хабиббейли бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Санжардын өмүр жолу, илимий жетишкендиктери, Түрк дүйнөсүнө жана Азербайжанга болгон сүйүүсүнө токтолду.

2023-жылдагы AMIAнын жалпы жыйынында Санжарга ардактуу мүчөлүк берүү чечими чыгарылганын белгилеген Хабиббейли ардактуу мүчөлүк сертификатын тапшырды.

Санжар академиянын чечимине ыраазычылыгын билдирип: «Азербайжанда мени ар дайым сыйлашат. Буга ыраазымын. Бул жакка кубаныч менен келдим. Түркияга келгендей бактылуумун. Азербайжан мен үчүн Түркиядай маанилүү»,-деди.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да орун алган иш-чарада Санжар «Түрк дүйнөсүндө жана Кытайда илим жана технология (1970-2020)» аттуу баяндама жасады.



Тектеш кабарлар