Алиев өлкөдөгү мина көйгөйүнө көңүл бурду
Илхам Алиев өз өлкөсүндө өтүп жаткан «Кендердин экологиялык таасирин азайтуу – ресурстарды коопсуз жана жашыл келечек үчүн мобилизациялоо» аттуу эл аралык конференциянын катышуучуларына кат жолдоду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2020-жылы аяктаган Карабах согушунан бери Армения койгон миналардан 68 азербайжан жараны каза болгонун айтты.
Илхам Алиев өз өлкөсүндө өтүп жаткан «Кендердин экологиялык таасирин азайтуу – ресурстарды коопсуз жана жашыл келечек үчүн мобилизациялоо» аттуу эл аралык конференциянын катышуучуларына кат жолдоду.
Катында Армениянын оккупация мезгилинде Азербайжан жерлерине мина койгонун эске салган Алиев, өлкөсүнүн дүйнөдө миналар менен эң көп булганган өлкөлөрдүн арасында экенин белгиледи.
Алиев Азербайжан аймагынын болжол менен 12 пайызынын 1,5 миллион мина жана белгисиз сандагы жарылбаган снаряддар менен булганганын баса белгиледи.
2-Карабах согушунан кийин аймакта болгон мина жарылууларына да токтолгон Алиев: «Согуш аяктаган 2020-жылдан бери 361 жараныбыз миналардын курмандыгы болду, алардын көбү карапайым адамдар. Алардын 68и каза болуп, 293ү оор жаракат алган. Армениянын Азербайжанга аскерий чабуулу башталгандан бери минадан 3400дөн ашуун атуулубуз, анын ичинде 358 бала жана 38 аял жабыркады»,- деди.
Азербайжандын президенти:« «Армениянын Азербайжанда көмүлгөн миналардын так картасын берүүдөн баш тартуусу,эски байланыш линиясынын артында жайгашкан жолдорго, көрүстөндөргө жана башка жарандык курулуштарга миналарды коюусу, минадан жабыркагандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгынын негизги себептери мына ушунда. Бул үчүн Армения жооптуу», - деп айтты.
Илхам Алиев миналарды тазалоо иштерин дээрлик толугу менен өз булактары менен жүргүзүшкөнүн баса белгилеп:«Миналардын кесепеттерин жоюу жана жерди тазалоо үчүн эл аралык коомчулуктун адекваттуу саясий жана практикалык колдоосу чоң мааниге ээ», - деди.