Казакстан бирдиктүү убакыт алкагына өттү
Жарандардын уюлдук телефондоруна убакыт алкагын өзгөртүү тууралуу маалыматтар жиберилди.
Казакстан эки башка убакыт алкагынан бирдиктүү убакыт алкагына өттү.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 29 - февралдан 1 - мартка караган түнү өлкөнүн батыш аймактарынан башка бардык аймактардагы шаарларда саат бир саат артка жылдырылды. Ушундайча өлкө толугу менен батыш бөлүгүндө колдонулган бирдиктүү UTC + 5 убакыт алкагына өттү.
Жарандардын уюлдук телефондоруна убакыт алкагын өзгөртүү тууралуу маалыматтар жиберилди.
Учак жана поезд каттамдарынын графигине байланыштуу авариялык линия түзүлдү. Банктар мобилдик тиркемелердеги айрым кызматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүндө чектөөлөрдүн болушу мүмкүн экенин жарыялашты.
Казакстан өкмөтү өткөн жылы өлкөнүн батыш бөлүгүндө бирдиктүү убакыттан 5 саат алдыдагы убакыт алкагынын башка аймактарда бирдиктүү UTC дан 6 саат алдыдагы убакыт алкагынын (UTC+6) колдонулганын жана бул абалдын адамдарда көптөгөн ооруларга себеп болгонун белгилеп, өлкөнү бир саат алкагына өткөрүүгө чечим чыгарды.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.