Улуттук коргоо министринин орун басары Азербайжанда

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түфекжинин кээ бир түрк коргонуу өнөр жай фирмаларынын жетекчилери менен бирге Хасанов менен жолугушканы билдирилди.

2089996
Улуттук коргоо министринин орун басары Азербайжанда

Улуттук коргоо министринин орун басары Желал Сами Түфекжи сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Азербайжанда коргоо министри Закир Хасанов менен жолугушту.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түфекжинин кээ бир түрк коргонуу өнөр жай фирмаларынын жетекчилери менен бирге Хасанов менен жолугушканы билдирилди.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да катышкан жолугушууда, аскердик техника жана коргоо өнөр жайы тармагындагы биргелешкен долбоорлор жана аймактык коопсуздук маселелери каралды.

Түфекжи жана коштоосундагы делегация Азербайжанга сапарынын алкагында маркум президент Хайдар Алиевдин мүрзөсүн, 20-январь шейиттери коюлган Шейиттер аллеясын жана Баку түрк шейиттери көрүстөнүн да зыярат кылышты.



Тектеш кабарлар