Азербайжан 2 француз дипломаттан өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Франциянын Бакудагы элчиси Анн Буайондун министрликке чакыртылганы кабарланды.

2081007
Азербайжан 2 француз дипломаттан өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Франциянын Бакудагы элчилигинин эки кызматкерин "персона нон грата" деп жарыялап, 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Франциянын Бакудагы элчиси Анн Буайондун министрликке чакыртылганы кабарланды.

Билдирүүдө элчи Буайонго эки кызматкеринин 1961-жылкы Вена дипломатиялык карым-катнаш конвенциясына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасагандыгы себептүү «персона нон грата» деп жарыяланганы белгиленди.

Аталган эки дипломаттын 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүлөрү талап кылынса, Азербайжандын нааразылык нотасы да элчиге тапшырылды.



Тектеш кабарлар