Карабахтагы жарылуу
Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Карабах аймагында кечээ бензин сактоочу жайда болгон жарылуудан кийин Азербайжандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн аймактагы элге жардам берүү үчүн мобилизациялаганы кабарланды.
Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, окуядан жабыркаган аймактын армян калкына жардам берүү үчүн Азербайжандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаганын, Агдам, Сабирабад жана Саатлы ооруканалары жарууларды кабыл алуу жана дарылоо үчүн кызматкерлер менен толукталганы айтылды.
Күйүктү дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен катар аймакка азык-түлүк жардамдарынын да берилгенин кабарлаган Хажиев, жардамдардын бүгүн жана алдыдагы күндөрдө да улана турганын баса белгиледи.
Хажиев Карабах аймагына медициналык топту ташыган тик учактын өтүшүнө Армениядан уруксат берилгенин, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматкерлери менен Горус-Гафан-Эйвазлы-Фузули-Шуша-Ханкенди жолунда медициналык эвакуациялоолор үчүн кошумча чараларды көрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин Карабактагы Армян өкүлдөрүнөн алып берген маалыматына караганда, ооруканага жеткирилген 7 жаралууну куткарып калуу мүмкүн болгон жок, 13 белгисиз сөөк соттук-медициналык өлүкканага жеткирилип, ар кандай деңгээлдеги күйүк алган 290го жакын адам ооруканаларда дарыланууда.
Азербайжандын Карабах аймагында Ханкенди-Аскеран жолунун жанындагы бензин сактоочу жайда болгон жарылуу жана андан кийин чыккан өрттөн көп сандаган кишинин каза тапканы, 200дөн ашуун кишинин жаракат алганы кабарланган.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.