Түрк инвестициялык фондун түзүү
Бул тууралуу парламенттин жыйынында Казакстандын улуттук экономика министри Алибек Куантиров билдирди.

Казакстандын парламенти, Түрк инвестициялык фондун (TYF) түзүү боюнча мыйзам долбоорун бекитти.
Казакстандын улуттук экономика министри Алибек Куантиров келишимге байланыштуу парламенттин жыйынында буларды айтты:
«Дүйнөлүк геосаясий туруксуздуктун азыркы шартында Казакстандын тышкы байланыштарын диверсификациялоо биздин негизги максаттарыбыздын бири. Мунун далили катары туруктуу өсүшкө жетише ала турган экономиканын бардык тармактарында кызматташууну жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ушул алкакта биз көп тараптуу платформалардын, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын негизинде биргелешкен ишибизди жигердүү улантышыбыз керек. Бул платформалардын бири да Түрк мамлекеттеринин уюму».
Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) тарабынан тарыхый кадам таштоо менен ишке ашырылган Түрк инвестициялык фонду май айында Стамбулда түзүлгөн.
Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө болгон түзүү келишими мурда Азербайжан парламентинде бекитилген.
Түрк инвестициялык фонду Эл аралык Валюта Фонду (IMF) же Түрк дүйнөсүнүн Дүйнөлүк Банкы катары мүнөздөлүүдө.
500 миллион долларлык капитал менен ишин баштаган фонддун ар бир мүчөнүн 20 пайыздык үлүшү бар.
Инвесторлорду жана ишкерлерди колдоону максат кылган бул өнөктөштүк экономикалык интеграцияга да салым кошот.
Узак мөөнөттө мүчө өлкөлөрдүн экономикалык саясаттары бири-бирине шайкеш келе турган болсо, убакыттын өтүшү менен соода, коргонуу жана технология сыяктуу тармактарда маанилүү биргелешкен инвестициялардын ишке ашуусу мүмкүн болот.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.