Карабахтагы антитеррордук операция

Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы полковник Анар Эйвазов Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Карабахтагы 90дон ашуун позициясынын көзөмөлгө алынганын билдирди.

2039781
Карабахтагы антитеррордук операция

Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы полковник Анар Эйвазов Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Карабахтагы 90дон ашуун позициясынын Азербайжан армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялады.

Эйвазов өткөргөн маалымат жыйынында Азербайжан армиясынын Карабахта армян күчтөрүнүн багынып бериши менен аяктаган террорго каршы операциясы тууралуу маалымат берди. 

Операцияда ок-дарысы түгөнгөн армян күчтөрүнүн позицияларын таштап качкандарын, азербайжан армиясынын качкандарга ок атпагандыгын белгилеген Эйвазов: «90дон ашуун позиция Азербайжан армиясынын көзөмөлүнө өттү, 7 аскердик унаа, 4 миномет, 1 танк, 2 бронетранспортер азербайжандык аскерлер тарабынан колго түшүрүлдү»,- деди. 

 

44 күндүк 2 - Карабах согушунан (2020) кийин Азербайжандын Карабах аймагындагы аталган режимдин таштаган кадамдары чыңалуунун күчөшүнө себеп болду.

Акыры жолу Хокавент провинциясындагы Ахметбейли - Фузули - Шуша унаа жолунда Азербайжан мамлекеттик мекемесине таандык жүк ташуучу унаа минага басып, 2 адам каза болду.

Окуя болгон жерге барган полиция унаасы башка бир минага басып 4 полиция шейит болду. 

Ушундан улам  Азербайжандын Коргоо министрлиги Карабахта конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү антитеррордук чаралардын башталгандыгын билдирди.

24 саатка созулган операциянын жыйынтыгы армян топтор куралдарын аштады жана операциянын токтотулушу тууралуу келишим түзүлдү. 

 



Тектеш кабарлар