Алиев Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Алиев өзүнүн X аккаунтунан билдирүү жасады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.
Алиев өзүнүн X аккаунтундагы билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Урматтуу бир тууганым. БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүңүздө Азербайжанга көрсөткөн колдоосуңуз үчүн ырахмат айтам. Ар дайымкыдай эле бүгүнкү күндө да бир тууган Түркия Азербайжандын жанында жана укуктук дообузду колдоодо.
Азербайжан менен Түркия жакшы күндө да, кайгыда да ар дайым бирге. Биз эл аралык уюмдарда ар дайым бири-бирибиздин негиздүү позициябызды коргойбуз. Шуша декларациясы менен мамилелерибиз стратегиялык союздаштык деңгээлине көтөрүлдү.
Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин боордоштугубуздун символу болгон «бир улут, эки мамлекет» деген сөздөрүн ар дайым эстеп, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы бузулбас биримдикти жаңы бийиктиктерге алып барабыз»,-деди.
Президент Эрдоган, кечээ Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө:
«Азыр бардыгы кабыл алгандай, Карабах Азербайжандын жери. Мындан башка статусту таңуулоо эч качан кабыл алынбайт. Ар бир адамдын, анын ичинде армяндардын Азербайжанда тынчтыкта жанаша жашоосу биздин негизги максатыбыз болушу керек. «Бир улут, эки мамлекет» урааны менен аракет кылган Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн таштаган кадамдарын колдойбуз»,-деген болчу.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.