Казакстанда болгон токой өртү

Өрттөн улам 3 токой кызматкери каза болуп, 11 жумушчуну издөө -  куткаруу иши уланууда. Аймакта 316 киши копсуз жерлерге эвакуацияланды.

1997960
Казакстанда болгон токой өртү

Казакстандын Абай облусунда  3 кишинин каза  болушуна себеп болгон жана 60 миң гектардык  аянтты күлгө айландырган  токой өртүн өчүрүү иштери уланууда. 

Өрттөн улам 3 токой кызматкери каза болуп, 11 жумушчуну издөө -  куткаруу иши уланууда. Аймакта 316 киши копсуз жерлерге эвакуацияланды. 

Казакстан премьер-министрлигинен берилген маалыматта  премьер-министр Алихан Исмаилов токойдогу өрт боюнча чукул жыйын өткөргөндүгү билдирилди. Маалыматта Абай облусунун Семей токоюнда  чыккан өрттүн кечээ ылдам жайыла баштагандыгы белгиленди. 

Өрт жайылган аянттын  60  миң гектардан ашкандыгы белгиленген билдирүүдө өрттү өчүрүү иштери үчүн аймактардан аскер жана өрт өчүргүч топтордун аймакка жиберилгендиги айтылды. Ошондой эле  аймакта абалдын көзөмөлгө алынгандыгы, өрттүн айылдарга өтүү коркунучунун жок экендиги билдирилди. 

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 11 - 13 -  июнда Вьетнамга пландаган расмий сапарын кечеңдетип, өрттүн жайылышын алдын алуу үчүн өкмөткө, бардык техника жана ресурстарын мобилизациялоону тапшырды.

Токаев Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий  Ильинди кызматтан алды.

 

 

 



Тектеш кабарлар