Түштүк Кипр Рум Башкаруусунда расизм күч алууда
Рум гезити «Политис» кипрлик түрктөр Ася Караалиге кол салуудан кийин Рум тарабында күчөгөн расизмди баш сөзгө чыгарды.
Түштүк Кипр Рум Башкаруусунда расизмдин күчөгөнү белгиленди.
Рум гезити «Политис» кипр түркү Ася Караалиге кол салуудан кийин Рум тарабында күчөгөн расизмди баш сөзгө чыгарды.
Баш макаласында «Расизм желмогузу бул жерде!» деген теманы койгон гезит, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна караштуу Айя Напа шаарында кечээ түрк жаштарына румдардын кол салуусунан кийин барган сайын күчөгөн расизмге көңүлдөрдү бурду.
Окуяда жарадар болгон Ася Караалиге токтолгон «Политис» гезити рум коомчулугунда ар кандай расизмдин кеңири таралганын баса белгилеген.
Гезит Кипрдин Рум бөлүгүндө 2005-2021-жылдар аралыгында 413 расисттик кол салуу болгонун жазган.
Кабарда бул кол салуулардын 125ине байланыштуу соттун уланып жатканы белгиленди.
Акыркы эки айда 3 расисттик кол салуу болгонун эске салган кабарда,«Бул грек коомчулугунда расизм желмогузунун орноп калганын көрсөтүп турат»,деген маалыматты берген.
Гезит көбөйгөн кол салуулардын бир гана расизм эмес, динге жана аялдарга каршы кол салуулардын да күчөгөнүн баса белгилеген.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жараны Ася Караали достору менен Түштүк Кипр Рум Бөлүгүндө сейилдеп жүргөн жеринен кол салууга кабылып, тротуардан кулап жаракат алган.
Кол салуудан кийин 2 кипрлик рум кармалды.