Кыргызстанда бийликке каршы даярданган айрым адамдар кармалды

Алынган маалыматтар жана чогултулган аудио жана сүрөттөр боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен бир катар тергөө иштеринин башталгандыгы маалымдалды.

1996003
Кыргызстанда  бийликке каршы даярданган айрым адамдар кармалды

Кыргызстанда бийликке каршы төңкөрүшкө даярданган айрым адамдар кармалды.

Бул боюнча УКМКнын берген билдирүүсүндө  өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири баш аламандыктарды уюштуруп, бийликти басып алууга тымызын даярданган топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Алынган маалыматтар жана чогултулган аудио жана сүрөттөр боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен бир катар тергөө иштеринин башталгандыгы маалымдалды.

Төңкөрүш жасоого даярданган кылмыштуу уюм бир жылдан бери өлкө боюнча атайылап бийликке каршы чыккандарды чогултуп, төңкөрүш аракетине жооптуу адам саясий партиянын жетекчиси жана жарандык активист Н.Р. деп жарыяланды.

Билдирүүдө териштирүүнүн алкагында 30дан ашуун кишинин камакка алынгандыгы жана негизги уюштуруучу экендиги аныкталган Элдик кеңеш партиясынын лидери Роза Нурматова менен бирге 4 активисттин камалгандыгы айтылды.

Бул кылмыштуу топтун көп убакыттан бери  согушкерлерди даярдоо үчүн иш жүргүзгөндүгү аныкталып, саясий партия лидеринин бийликти колго алуу планынын негизинде ирээттүү түрдө жашыруун жыйын өткөргөндүгү жана бул кылмыштуу  топтун өлкөнүн түрдүү жерлеринен 100дөн ашуун кишиден тургандыгы тууралуу маалымат берилди. 

Билдирүүдө : «Кылмыштуу уюмдун чет элдик булактардан каржыланышы күтүлүүдө жана алар кандайдыр бир себептер менен коомдо баш аламандык болуп турганда төңкөрүш аракетин баштоону пландап жаткандыгы» айтылды.

Сөз болуп жаткан уюмдун мүчөлөрү «кутумчулар» деп сыпатталып, окуя боюнча тергөөнүн уланып жаткандыгы белгиленди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар