Алиев: «TANAP жана TAP кеңейтилиши керек»

Илхам Алиев 28-Эл аралык Каспий мунай жана жаратылыш газ жарманкеси менен 11-Эл аралык Каспий энергия жана кайра жаралуучу энергия жарманкесин камтыган Баку энергетика жумалыгынын ачылышына катышты.

1993720
Алиев: «TANAP жана TAP кеңейтилиши керек»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Европада азербайжан газына суроо-талаптын өскөнүн белгилеп: «Алдыда көп иш бар. Транс Анадолу жаратылыш газ кууру (TANAP) жана Транс Адриатикалык газ кууру (TAP) кеңейтилиши керек",- деди.

Илхам Алиев 28-Эл аралык Каспий мунай жана жаратылыш газ жарманкеси менен 11-Эл аралык Каспий энергия жана кайра жаралуучу энергия жарманкесин камтыган Баку энергетика жумалыгынын ачылышына катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн Алиев Азербайжандын 1990-жылдардан бери ишке ашырган мунай жана жаратылыш газ саясаттарына токтолуп: «Батыш өнөктөштөрүбүздүн салымы менен биз Евразиянын энергетикалык картасын өзгөрткөн тармакты түздүк. Азербайжан өзүн өндүрүүчү, транзиттик жана керектөөчү катары коопсуз сезет. Энергетикалык коопсуздук бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукка барабар»,-деди.

Европа менен энергетика тармагындагы карым-катнаштарга да токтолгон Илхам Алиев: «2022-жылы Европага 8 миллиард куб метр, 2023-жылы 12 миллиард метр куб жаратылыш газын экспорттодук. Биздин ресурстарды эске алганда бул көрсөткүч 2027-жылы эң аз 20 миллиард куб метрге жетет»,- деди.

Европада Азербайжан газына болгон суроо-талаптын жогорулаганын, Болгария, Румыния, Венгрия жана Сербия сыяктуу өлкөлөрдүн Азербайжандан газ сатып алып жатканын жана аны аларын айткан Алиев: «Алдыда жасала турган иштер көп. ТАНАП менен ТАП кеңейтилиши керек. Европада интерконнекторлордун санын көбөйтүү керек, бул иштердин баары координацияланып жүргүзүлүшү керек. Анткени биз өзүбүз өндүргөн газды каякка сатаарыбызды билишибиз керек», - деп айтты.

Баку энергетика жумалыгынын алкагындагы жарманкелерге 37 өлкөдөн 326 фирма катышууда, Түрк мунайзат корпорациясы (TPAO) да демөөрчүлөрүнүн арасында.

28-Эл аралык Каспий мунай жана жаратылыш газ көргөзмөсү жана 11-Эл аралык Каспий энергиясы жана кайра жаралуучу энергия көргөзмөсү 2-июнь жума күнүнө чейин уланат.



Тектеш кабарлар