ШКУнун саммити 4-июлда өтөт

Саммитке мүчө өлкөлөр Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге байкоочу өлкө катары да Иран, Беларусь жана Монголиянын чакырылганы айтылды.

1993550
ШКУнун саммити 4-июлда өтөт

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) быйылкы саммити Индиянын кожоюндугунда 4-июлда видеоконференция аркылуу өтөт.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, өткөн жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында мүчө мамлекеттердин лидерлеринин толук катышуусу менен бетме-бет өткөрүлгөн ШКУнун саммити быйыл 4-июлда Индиянын жетекчилигинде видеоконференция аркылуу өткөрүлөт.

Саммитке мүчө өлкөлөр Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге байкоочу өлкө катары да Иран, Беларусь жана Монголиянын чакырылганы айтылды.

Саммиттин эмне үчүн видеоконференция аркылуу өткөрүлөрү тууралуу маалымат берилген жок. Чечимдин мүчө мамлекеттер менен кеңешип кабыл алынганы белгиленди.

Түркия «диалог өнөктөшү» болгон ШКУ алгач «Шанхай бештиги» деген ат менен 1996-жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү Кытайдын Шанхай шаарында чогулуп Чек ара аймактарында аскердик ишенимди тереңдетүү келишимине кол коюшу менен түзүлгөн.

Өзбекстандын кошулуусу менен 2001-жылы Шанхай бешилтигинин аталышы “Шанхай Кызматташтык Уюму” болуп өзгөргөн.

Кийинчерээк Пакистан менен Индия уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алынган.



Тектеш кабарлар