Кытай - Борбор Азия саммити

Кытай менен 5 Борбор Азия республикасын жолугуштурган Кытай-Борбор Азия саммити тарыхый Жибек жолунун башталышы катары эсептелген Кытайдын Шаанши провинциясынын борбору Сиань шаарында башталды.

1988358
Кытай  - Борбор  Азия саммити

Кытай менен 5 Борбор Азия республикасын жолугуштурган Кытай-Борбор Азия саммити тарыхый Жибек жолунун башталышы катары эсептелген Кытайдын Шаанши провинциясынын борбору Сиань шаарында башталды.

Саммиттин ачылыш аземи Сиань шаарынын түндүгүндө 7-10-кылымдардын аралыгында Кытайда бийлик жүргүзгөн Тан династиясынын урматына курулган Бейиш паркындагы Кызгылт көк булут павильонунда өттү.

Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин жубайы Пин Лиюэнь менен бирге конок лидерлер жана  жубайларын сарайдын алдында тосуп алышты.

Салтанатка Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Имамали Рахман, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Лидерлер саммит үчүн кечки тамакта чогулушту.

Си Цзиньпин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө батыштагы тарыхый Жибек жолунун башталгыч жери  болгон Шаанши провинциясынын Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы 2000 жылдан бери терең достук байланышына күбө болгонун белгилеп : «Элдерибиз миңдеген жылдардан бери  товар жана пикир алмашып,    бири-биринен үйрөнүп, адамзат тарыхындагы цивилизациялар аралык өз ара таасирлешүүнүн эң жаркырак барагы болгон байыркы Жибек жолунун көркүн бирдикте жаратышты",- деди.  

1992-жылы Кытай менен Борбор Азия республикаларынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эл аралык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан ар дайым бири-бирин урматтап, колдоп келгендигин айткан Си Цзиньпин  жакшы коңшулуктан  стратегиялык өнөктөштүккө жана «жалпы келечекти бөлүшкөн коомчулукка» айланганын баса белгиледи.  

Кытай-Борбор Азия кызматташтыгы бул муундун лидерлеринин келечек үчүн орток стратегиялык тандоосу экенине көңүл бурган Си, саммиттин карым-катнаштарда жаңы доордун башталышы болоруна толук ишенээрин баса белгиледи.

Кытай-Борбор Азия саммити Пекин менен Борбор Азия республикаларынын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги “С+С5” кызматташтыгынын биринчи жолугушуусу болот.



Тектеш кабарлар