Кытайдын мамлекет башчысы Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушту

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин биирнчи жолу өткөрүлгөн Кытай  -  Орто Азия саммити үчүн өлкөсүнө барган Түркмөнстандын президенти Сердар Бердмухаммедов менен жолугушту.

1988223
Кытайдын мамлекет башчысы Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушту
si cinping-mirziyoyev.jpg

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин биирнчи жолу өткөрүлгөн Кытай  -  Орто Азия саммити үчүн өлкөсүнө барган Түркмөнстандын президенти Сердар Бердмухаммедов менен жолугушту. 

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Си Цзиньпин Түркмөнстан менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн 1992-жылдан бери бири бирине карата сый жана пайдага негизделген кызматташтыгын улантып келе жатышкандарын, эки өлкөнүн ортосунда дагы чоң кызматташуу потенциалынын бар экендигине ишенгендигин белгиледи. 

Бердымухаммедовдун январь айында Кытайга жасаган сапарында эки өлкөнүн карым  - катнаштарын "кенен масштабдуу стратегиялык өнөктөштүккө" жогорулаткандыгын жарыялашкандарын эске салган Си кызматташууну Кытай жана Түркмөнстан элдеринин пайдасына боло тургандай өнүктүрүүгө даяр экендерин баса белгиледи. 

Си Цзиньпин саммитке катышуу үчүн өлкөсүнө барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен да жолугушту.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Си өткөн жылдын сентябрь айында Өзбекстанга жасаган иш сапары учурунда эки өлкө «жалпы келечекти бөлүшкөн коомчулукту түзүү» көз карашын ортого салгандыгын  жана алакаларын эки өлкөнүн деңгээлине көтөргөнүн эске салды. "Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк" деңгээлинде жана Кытайдын Өзбекстан менен болгон мамилесин бардык багытта өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Кытай менен 5 Орто Азия республикасын жолугшутурган Кытай  -  Орто Азия саммити тарыхый Жибек Жолунун башталгыч жери катары кабыл алынган, Кытайдын Шаанши провинциясынын борбору Шианда өтүүдө.

Кытайдын мамлекет башчысы  Си Цзиньпиндин жетекчилигинде өткөн саммитке  Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садир Жапаров, Тажикстандын президенти Имомали Рахман, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев катышууда.

 

 



Тектеш кабарлар