Түрк дүйнөсү шайлоого чоң кызыгуу көрсөттү

ТМУнун шайлоого байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ТМУ делегациясынын шайлоого байкоо салганы белгиленди.

1986760
Түрк дүйнөсү шайлоого чоң кызыгуу көрсөттү

Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) 14-майда болгон Президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоонун шайлоо стандарттарына туура келгенин билдирди.

ТМУнун шайлоого байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ТМУ делегациясынын шайлоого байкоо салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «TМУнун шайлоого байкоо жүргүзүүчү эл аралык комитети Түркияда президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоолордун ачык- айкын жана атаандаштык менен өткөнүн, Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана жалпы кабыл алынган эл аралык шайлоо стандарттарына туура келгенин тастыктайт»,- деп айтылды.

Бир тараптан Түркиядагы шайлоого Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан жакындан байкоо салса, бул өлкөлөрдүн басма сөздөрүндө шайлоолор кеңири чагылдырылды.

Түркиядагы шайлоо боордош өлкө Азербайжандын коомдук пикиринде кызыгуу менен байкалды. Азербайжандыктардын социалдык медиада жана басма сөздө биринчи күн тартиби Түркиядагы шайлоо болду.

Азербайжан телеканалдары жана маалымат агенттиктери, добуш берүү процессин жана шайлоо жыйынтыгын Түркияда дайындалган кабарчылары аркылуу түз эфирде көрүүчүлөрүнө жарыялашты.

Түркиядагы шайлоого Казакстанда да кызыгуу менен байкоо салынды.

Шайлоо жаңылыктары өлкөнүн жергиликтүү улуттук басма сөзү менен бирге телерадио берүүлөрүндө да кеңири орун алды.

Казакстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (Казинформ) добуш берүү процессинен баштап, алгачкы жыйынтыктарга чейин шайлоонун ар бир кадамын чагылдырды.

Түркиядагы шайлоого кыргыз басылмалары да кылдаттык менен байкоо салышты.

“Акипресс” маалымат агенттигинде “Элдик альянстын” көпчүлүк добушка ээ болгонуна басым жасалды.

Расмий “Кабар” агенттиги шайлоодо президент Режеп Таййип Эрдоган менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) алдыда экенин жарыялады.

Өзбекстандын алдыңкы маалымат сайттарынын бири Gazeta.uz порталы шайлоону «Түркиядагы президенттик шайлоо: Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу экинчи турда ат салышышы мүмкүн» деген баш сөз менен жарыялады.

Өлкөнүн башка алдыңкы маалымат порталы Kun.uz болсо өз кабарында “Президенттик шайлоо 2-турга калчудай” деп билдирди.

Daryo.uz маалымат порталы болсо «Эрдоган экинчи айлампага даяр экенин айтты» деген теманы койду.

Түркмөнстандын маалымат сайттары да Түркиядагы шайлоо тууралуу кабарларды жарыялоо менен окурмандарын кабардар кылды.



Тектеш кабарлар