Кулубаев Өмүралиев менен жолугушту

Кубанычбек Өмүралиев 11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалган.

1984937
Кулубаев Өмүралиев менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев менен уюмдун күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде уюмга мүчө мамлекет башчыларынын чечимдеринин аткарылышын талкуулады.

Кулубаев, уюмга мүчө мамлекеттердин экономика жана инвестиция тармактарындагы кызыкчылыктарын канааттандыра турган атайын долбоорлорду ишке ашырууну күчтөндүрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Уюмдун эл аралык аренадагы ролун жана маанисин жогорулатууга багытталган аракеттерге токтолгон Кулубаев, уюмдун башка эл аралык уюмдардын ортосунда кызматташтык түзүү жана бекемдөө аракеттерине оң баа берди.

ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев министр Кулубаевге уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, 2023-жылга карата иш пландары жана уюмга мүчө мамлекеттерге караштуу мекемелердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Өмүралиев 11-ноябрда Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан толук укуктуу мүчө; Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы байкоочу болгон Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар