Азербайжан чек ара бекетин түздү

Бул тууралуу маалымат Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан билдирүүдө орун алды.

1978325
Азербайжан чек ара бекетин түздү

Азербайжан Армения менен чектешкен жерде, Лачын-Ханкени жолунун башталышында (Лачын коридору) чек ара бекетин орнотту.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан билдирүүдө Армениядан Азербайжандын территориясында мыйзамсыз жүргөн армян куралдуу топторуна адам күчүн, ок-дарыларды, миналарды жана башка аскердик техникаларды ташуунун алдын алуу үчүн Лачын-Ханкени жолунун башталышында Армения тарабынан ошол эле жерде түзүлгөн чек ара бекетине жооп катары чек ара бекети түзүлгөнү айтылды.

Маселе боюнча аймактагы орус элементтеринин командачылыгына жана түрк-орус биргелешкен байкоо борборуна маалымат берилгени белгиленди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Лачын жолунун башталышында чек ара көзөмөл механизминин түзүлүшү эки тараптуу каттамдардын ачыктыгын жана коопсуздугун камсыздай турганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжандын Карабах аймагында жашаган армян калкынын бул чекиттен Армения жана Азербайжанга эки багытта ачык жана үзгүлтүксүз транзити үчүн ылайыктуу шарттар түзүлүп, көзөмөл механизминин орус аскерлери менен координациялуу түрдө ишке ашырыла турганы белгиленди.

Азербайжан чек арадагы көзөмөл режиминин ачык жана коопсуз иштеши үчүн Армения менен кызматташууга даяр экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар