Азербайжан Карабахтагы армян коомчулугунун өкүлдөрүнө сунуш киргизди
Бул тууралуу Азербайжандын Президенттиги тарабынан жасалган билдирүүдө орун алды.

Азербайжан Карабахтагы армян коомчулугунун өкүлдөрүнө аймактагы интеграция жана инфраструктура долбоорлорун талкуулоо үчүн Бакуда жолугушууну сунуштады.
Азербайжандын Президенттиги тарабынан жасалган билдирүүдө, 1-мартта Хожалыда өткөрүлгөн жыйындын уландысы жана 13-марттагы чакыруунун уландысы катары армян коомчулугунун өкүлдөрүнө апрелдин биринчи аптасында Бакудагы жолугушуу өткөрүү сунуш кылынганы маалымдалды.
Жолугушууда Азербайжандагы армян коомчулугунун интеграциясы жана Карабахтагы инфраструктуралык долбоорлор талкууланары белгиленди.
Азербайжандын жооптуу кызматкерлери 1-мартта Хожалыдагы аймакка убактылуу жайгаштырылган орус аскерлеринин штабында армян коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушкан.
Азербайжан кийинки жолугушууну 13-мартта Бакуда өткөрүүнү сунуштаган, бирок бул сунуш кабыл алынган эмес.