Азербайжан Карабахта жергиликтүү операция жүргүздү

Азербайжандын куралдуу күчтөрү аймакка аскердик жүктөрдү өткөрүү үчүн альтернативдик жол иштеринин жүргүзүлгөнүн аныктап, аймакта операция баштады.

1965063
Азербайжан Карабахта жергиликтүү операция жүргүздү

Азербайжан армиясы Орусиянын убактылуу күчтөрү жайгашкан аймактардагы мыйзамсыз аракеттерди токтотуу үчүн Карабахта жергиликтүү операция баштады.

Карабахтан чыкпаган армян куралдуу топторунун провокациялары уланууда.

Азербайжандын куралдуу күчтөрү аймакка аскердик жүктөрдү өткөрүү үчүн альтернативдик жол иштеринин жүргүзүлгөнүн аныктап, аймакта операция баштады.

Башталган операциянын натыйжасында Физули районундагы Йукары Вейселли айылы багытында айыл чарба иштери аты менен жүргүзүлүп жаткан траншея казуу иштери токтотулду.

Лачын коридорунун түндүгүнө карай аскердик жүктөрдү ташыган кара жолдорду кеңейтүү боюнча да чаралар көрүлдү.

Азербайжан армиясы бул кадамдарга аймакта кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн барды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө «Армян тараптын айтылган кадамдары аймакта тынчтык жана ырааттуулукту каалабаганын дагы бир жолу көрсөттү»,делди.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Лачын жолунда чек ара бекетин жана өткөрүү пунктун түзүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө, бул демилгелердин 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу келишимдин одоно түрдө бузулгандыгы жана Орусиянын убактылуу күчтөрүнүн өз милдеттерин аткарбаганы белгиленди.

Бир тараптан Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө аймактагы акыркы окуялар талкууланды.



Тектеш кабарлар