Казак мунайын ташуу башталды
Бул тууралуу маалыматты Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR билдирди.

Казакстан мунайы Баку-Тбилиси -Жейхан кууру аркылуу ташыла баштады.
Маалымат Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясы SOCARдан келди.
Маалыматка караганда Тенгиз аянтында чыгарылган казак мунайын ташыган биринчи танкер Казакстандын Актау портунан Азербайжандын Сенгечал терминалына жеткирилди.
Ташуу SOCAR менен Казакстандын «КазМунайГаз» компаниясынын ортосунда кол коюлган жана жылына 1,5 миллион тонна мунайдын өтүүсүн күткөн келишимдин негизинде ишке ашууда.
Эки өлкөнүн ортосунда 2022 – жылдын акыркы чейрегинде түзүлгөн келишимдин негизинде Казакстан мунайы Жейханга жеткирилет. Ушунун негизинде 2023 – жылдын акырына чейин Каспий деңизи аркылуу айда 14 танкер каттамынын ишке ашырылышы пландалууда.
Казакстан мунайы менен бирге Баку -Тбилиси -Жейхан куурунун көлөмү жана стратегиялык маанисинин да күчөшү күтүлүүдө.