Түркмөнстанда жекшемби күнү шайлоо өтөт

Түркмөнстанда эл жекшемби күнү депутаттарды жана жергиликтүү башкаруу бийликтерин шайлоо үчүн добуш берет.

1964767
Түркмөнстанда   жекшемби күнү шайлоо өтөт

Түркмөнстанда эл жекшемби күнү депутаттарды жана жергиликтүү башкаруу бийликтерин шайлоо үчүн добуш берет.

Жалпы өлкөдө 2 миң 644 үкөктө добуш бериле турган шайлоодо Түркмөнстандын өлкө тышындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да 42 үкөк орнотулат.

Түркмөнстан парламентинде 125 депутат, Ашкабат жана облустук халк маслахатында 240 мүчө, райондук жана райондук деңгээлдеги шаардык халк маслахатында 960 мүчө жана жергиликтүү бийлик органдарында 5 897 мүчөсү бар.

Парламенттик шайлоодо Түркмөнстан Демократиялык партиясы, Түркмөнстан өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясы менен Түркмөнстан айыл чарба партиясы ат салышат.

Парламенттик шайлоодо 3 саясий партиядан жалпы 175 талапкер жана жарандык демилгелүү топтордун 83 талапкерлери менен жалпы 258 талапкер да парламенттеги 125 орундук үчүн  ат салышат.

Ашкабат жана облустук халк маслахатына мүчөлүк үчүн 515 талапкер, район жана райондук деңгээлдеги шаардык халк маслахатына мүчөлүгү үчүн 2 миң 1 талапкер, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлчүлүгү үчүн 12 миң 98 талапкер жарышат.

Шайлана турган депутат, хлак маслахаты жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөт менен шайланат.

Түркмөнстанда 2021 -  жылы кош канаттуу парламенттик системага өтүлгөн. Бирок бул жылы январь айында өлкөдө элдин жогорку органы «Халк маслахаты» курулуп кайрадан бир канаттуу парламент системасына кайткан.

 



Тектеш кабарлар