Асаф Хажиев Азербайжан - Армения маселелерин тынчтык жолу менен чечүүнү жактагандарын айтты

Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы Асаф Хажиев эч качан согушту жактабаган Азербайжандын Армения менен болгон маселелердин тынчтык жолу менен чечилишин жактагандарын айтты.

1964623
Асаф Хажиев Азербайжан  - Армения маселелерин тынчтык жолу менен чечүүнү жактагандарын айтты

Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы Асаф Хажиев эч качан согушту жактабаган Азербайжандын Армения менен болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү жактагандарын айтты.

Хажиев Анадолу агенттигине берген баа берүүсүндө Азербайжан менен Армениянын ортосундагы аймактык бүтүндүк келишпестигинин түп  - тамырынан  чечилиши керектигине көңүлдөрдү бурду.

Каталониянын көз карандысыздык талабын эске салган Хажиев : «Европа Биримдиги Испаниянын жанында турду жана талапты «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү. Испаниянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөндөр, маселе Карабах болгондо Карабахты армяндарга берүүнү талап кылышты.

Испаниянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөндөр Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнө да сый көрсөтүүсү керек. Антпесе абал кош стандарт болот, мунун башка түшүндүрмөсү жок»,- деди.

Хажиев Азербайжандын Карабах согушу менен оккупациядагы жерлеринин чоң бир бөлүгүн алгандыгын белгилеп, Армения диалогго жакындабаса Азербайжандын калган жерлерди алуу үчүн күч колдонуудан тартынбай турганын айтты.

Эч качан согушту жактабагандарын айткан Хажиев : «Албетте Армения менен согушка кирүүнү каалабайбыз анткени ар болгон согушта жаштарыбызды жоготуп жатабыз. Биз Армения менен болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечилишин каалайбыз. Армения согуш жолу менен эмес, столдо жана диалог менен калган жерлерибизди берет деп үмүттөнөм»,- деди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар