Казакстандагы шайлоонун биринчи жыйынтыктары

Казакстандагы шайлоо боюнча сурамжылоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду.

1962177
Казакстандагы шайлоонун биринчи жыйынтыктары

Казакстанда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо үкөктөн чыккан жыйынтыктарга ылайык, шайлоого катышкан 7 саясий партиянын 6сы парламенттин төмөнкү палатасына кирүү үчүн талап кылынган босогодон өттү.

Казакстандагы шайлоо боюнча сурамжылоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду.

Евразиялык интеграция институту жүргүзгөн сурамжылоодо «Аманат» партиясы 53,46 пайыз менен биринчи орунга чыкты. Экинчи орунга 10,52 пайыз менен «Ауыл» элдик демократиялык партиясы, үчүнчү орунду 8,9 пайыз менен шайлоого биринчи жолу катышкан «Республика» партиясы ээледи. Шайлоодо «Ак жол» демократиялык партиясы 7,87 пайыз, Казакстан элдик партиясы 6,25 пайыз, Социал-демократиялык партиясы 5,31 пайыз жана Байтак партиясы 3,22 пайыз добуш алды.

Ошентип, шайлоого катышкан 7 саясий партиянын алтоо парламентке өтүү үчүн талап кылынган 5 пайыздык босогодон өттү.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде жарыялайт.

Казакстан эли 19-мартта добуш берүү үчүн Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге 5 жыл кызмат кыла турган депутаттарды шайлашты. Добуш берүү процесси аяктаган өлкөдө добуштарды саноо уланууда.

Шайлоого катышуу көрсөткүчү 54,19 пайыз деп жарыяланды.



Тектеш кабарлар