Азербайжанда Нооруз майрамы башталды

Майрамдык салттар сакталган Азербайжандагы майрамдоолордун дареги Бакунун Сураханы районундагы тарыхый Атешгах храмы болду.

1961382
Азербайжанда Нооруз майрамы башталды
azerbaycan nevruz.jpg

Түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү майрамдарынын бири, жаздын жарчысы Нооруз майрамы Азербайжанда ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

Майрамдык салттар сакталган Азербайжандагы майрамдоолордун дареги Бакунун Сураханы районундагы тарыхый Атешгах храмы болду.

Баку эли Атешгахда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга агылды. Иш-чарада ар кыл музыкалык топтор сахнага чыгып, стенддерде улуттук тамак-аштар, кийим-кечелер жана кол өнөрчүлүктөр тааныштырылды.

Нооруз оту жагылган иш-чарада Азербайжандын ар кайсы аймактарынан келген улуттук кийимчен өнөрпоздордун музыка жана бий көрсөтүүлөрү, акробаттардын кызыктуу оюн-зооктору майрамга көрк кошту.

Ошондой эле иш-чарада кылыч-калкан көрсөтүү жана ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Нооруз майрамынан улам 27-мартка чейин эс алуу күнү деп жарыяланган өлкөдө майрамдоолор эс алуу күнү бүткөнгө чейин уланат.



Тектеш кабарлар