Казакстанда 19 - мартта парламенттик шайлоо өтөт

Казакстанда эл парламент жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн 19 -  мартта добуш берет.

1960157
Казакстанда  19 -  мартта парламенттик шайлоо өтөт

Казакстанда эл парламент жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн 19 -  мартта добуш берет.

Шайлоодо 5 жылга парламенттин астыңкы канаты мажилис менен бирге 17 облус жана 3 чоң шаардын жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат.

Казакстандын «көз карандысыздык тарыхында 8 -  мажилис жана жергиликтүү кеңеш шайлоосу» деп каттала турган шайлоодо 2022 -  жылы июнь айында өткөрүлгөн референдум менен Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде аралаш мандаттуу пропорционалдуу өкүлчүлүк системасы колдонулат.

19 жылдан кийин кайрадан ишке киргизилген система менен ар түрдүү саясий партиялар менен бирге көз карандысыз талапкерлердин парламентке кириши менен өлкө саясатына жаңы ысымдарды алып келүү максатталууда.

Жалпы 98 орундуктан  турган Казакстан Парламентинде 69  депутат саясий партиялардан, 29 депутат да бир депутат чыгара турган аймактардын өкүлү болот.

Шайлоого өлкөдө катталган 7 саясий партия катышат.

Булар бийликтеги партия «Аманат» (мурдагы аты Нур Отан), «Казакстандын элдик партиясы», «Ак жол демократиялык партиясы», «Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы», «Ауыл» партиясы, «Байтак» партиясы жана «Республика» партиясы болду.

Өлкөнүн биринчи жашылдар партиясы болгон «Байтак» партиясы менен жаш демилечилер курган «Республика» партиясы биринчи жолу шайлоого катышып, 525 көз карандысыз талапкер да парламенттеги 29 орундук үчүн  жашырат.

Саясий партиялардын парламентке кирүү үчүн өтүүсү керек болгон босого бул жолу 7ден 5 пайызга түшүрүлөт.

Жергиликтүү шайлоодо маслихатта депутат болуу үчүн да жалпы 14 миң 207 талапкер катышат.

Өлкө тышында жашаган Казакстан жарандары үчүн 62 өлкөдөгү тышкы өкүлчүлүктө 77 үкөк орнотулат.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 10 күндүн ичинде билдирилет.



Тектеш кабарлар