Азербайжанда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Азербайжандыктар Хожалыда армяндар тарабынан кыргынга учураган 613 кишини эскерүү үчүн борбор шаар Бакудагы Ана Феряды (Эне айкырыгы) эстелигине агылды.

1951637
Азербайжанда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди
azerbaycan hocali katliami anma.jpg
azerbaycan hocali katliami anma1.jpg
azerbaycan hocali katliami anma3.jpg
azerbaycan hocali katliami anma2.jpg

Азербайжанда 1992-жылдын 26-февралында армяндар тарабынан болгон Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди.

Азербайжандыктар Хожалыда армяндар тарабынан кыргынга учураган 613 кишини эскерүү үчүн борбор шаар Бакудагы Ана Феряды (Эне айкырыгы) эстелигине агылды.

Президент Илхам Алиевдин катышуусунда өткөрүлгөн расмий аземден кийин эстелик коомчулукка ачылды.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, элчиликтин кызматкерлери жана Бакудагы түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү да Ана Феряды эстелигин зыярат кылып, Хожалы кыргынында курман болгондорду эскеришти.

Элчи Багжы зыяраттан кийин басма сөзгө берген маалыматында 1-Карабах согушунда армяндардын көптөгөн кыргындарды жасаганын, ал убакта дайынсыз жоголгон 3860 азербайжандын тагдыры бүгүн да белгисиз экенин айтты.

Багжы : «Дүйнө дүлөй-дудук болгон кыргындарга эл аралык укук иштеген жок, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 4 токтому тең аткарылбады, бирок 30 жылдык азабы, кайгысы, мекен сагынычы 44 күндүк мекен үчүн болгон согуш менен кубанычка,толкунданууга жана жеңишке айланды. Түркия Азербайжандын адилеттүү жолунда ар дайым кылгандай, анын жанында жана артында. Бүгүн Түркия менен Азербайжан «Биз бирге күчтүүбүз»деп айтып мамилесин жогору деңгээлге көтөрүштү»,-деп айтты.

 

Хожалыда эмне болду?

 

СССРдин урашы менен Азербайжанга каршы аймактык дооматтарды коюп, чабуулга өткөн армяндар 1991-жылдын акыркы күндөрүндө курчоого алынган, аймактагы жалгыз аэропорту бар стратегиялык мааниге ээ Хожалыны алуу үчүн кыймылга киришти.

Бир нече айга созулган кол салууларын күчөткөн армяндар 1992-жылдын 25-февралында советтик орус армиясынын жардамы менен түн ичинде үч тараптан чабуулга өтүштү.

Жөн эле басып алуу менен гана чектелбестен, армяндар карапайым калкты кырып, туткундарды ырайымсыз кыйнап, 20-кылымдын эң кандуу кыргындарынын бирин кылышты.

Буга чейин 7 миң киши жашаган Хожалыда коргоосуз абалдагы 106 аял, 70 кары, 63 бала болгон 613 Азербайжан жараны каза болгон. Кыргындан 487 адам оор жаракат алып аман калган, армян күчтөрү 1275 кишини туткунга алган, алардын 150сүнөн дагы деле кабар жок.



Тектеш кабарлар