Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмарашта

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөнүн очогу — Кахраманмараш шаарында болду.

1946509
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмарашта
Kırgızistan Acil Durum Bakanı Boobek Acıkeev Kahramanmaraş 2.jpg
Kırgızistan Acil Durum Bakanı Boobek Acıkeev Kahramanmaraş 18.jpg
Kırgızistan Acil Durum Bakanı Boobek Acıkeev Kahramanmaraş 5.jpg
Kırgızistan Acil Durum Bakanı Boobek Acıkeev Kahramanmaraş 9.jpg
Kırgızistan Acil Durum Bakanı Boobek Acıkeev Kahramanmaraş 15.jpg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөнүн очогу — Кахраманмараш шаарында болду.

Ал Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев менен бирге мындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, издөө-куткаруу иштери менен таанышты.

Андан соң министр кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн 5 тилкеде эки нөөмөт менен иштеп жаткан өздүк курамдын абалын жана алардын ишин көрүп, ал жердеги жакындарын жоготкондорго көңүл айтты

Министр Бообек Ажикеев Кыргызстандан түрк элине жардамга берилген боз үйлөр шаарчасына барып, Вандык кыргыздар менен жолугушту.

Булак; КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 



Тектеш кабарлар