Түркияда «Кылымдын апааты» болду

Жер титирөө кабарын алган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз калкы жапа-тырмак жардамга чуркашты.

1945986
Түркияда «Кылымдын апааты» болду

Түркияда «Кылымдын апааты» болду

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмарашта 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр удаама-удаа болуп анын таасири менен 10 провинцияда жана Сирияда кыйроолор болду. Бүткүл дүйнө суук кабарды алганда үрөйү учуп, адистер бул жер титирөөнүн күчү 500 атом бомбасындай энергия менен силкингенин айтышты жана муну "Кылымдын апааты" деп сыпатташты. Түркияда 7 күн улуттук аза күтүү жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 7-февралда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты. 

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. 

Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. 

Буга чейин Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн. 

Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

 Булак; Кыргыз Республикасынын Президентинин сайты

Боордош элде апаат болсо Кыргыз эли карап турбайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышууга алгач 67 кишиден турган куткаруучу топту жөнөттү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа ооруканасы, 160 боз үй даярдалган.

Ошондой эле Кыргыз калкы Түркияда болгон жер титирөөнү жүрөгүндө сезип, бары-жогун чогултуп жардамдарын Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жеткирип жатышты.

Ошондой президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болуп Кыргыз мамлекетинин расмий органдарынын бардыгы Түркия элчилигине келип гүл коюп, көңүл айтып жатышты.

Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тигилди

Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркиянын катуу жер титирген шаарларынын бири Кахраманмарашта тигилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Элчи Руслан Казакбаев боз үй тигиле турган жерди аныктап консулдук кызматкерлери менен биргеликте боз үйлөрдү тигүүгө көмөк көрсөтүштү.

Боз үйлөрдү Кыргызстандын диаспора өкүлдөрүнөн, студенттерден жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздардан турган ыктыярчы топ тигип жатышат.

12-феварлда Кыргызстандан Газиантеп шаарына атайын учак менен 78 баш боз үй, 80 куткаруучу жана 6 дарыгер жөнөтүлгөн.

Ал эми 13-февралда Түркияга дагы бир атайын учак менен кошумча куткаруучулар тобу, дары-дармектер жана боз үйлөр жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Кыргызстандык кутаруучулардын кезектеги тобу Түркияга учуп кетишти.

13-февралда Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар атайын борт менен учуп кетишти. Алар менен бирге 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Атайын Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандан экинчи атайын борт менен учуп жаткан куткаруу тобун аэропорттон узатып, аларга ак жол каалады.

Элчи Садык Доган Кыргыз Өкмөтүнө тилектештиги жана жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жиберилген.

Куткаруучу топтор тынымсыз иштеп жатышат

КЫРГЫЗСТАНДЫК КОШУМЧА 80 КУТКАРУУЧУ ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИНЕ КИРИШТИ

Бүгүн, 13-февраль күнү эртең менен жаңы барган 80 куткаруучу издөө-куткаруу иштерине тартылды. Жалпы кыргызстандык 150гө жакын куткаруучу 5 объектиде иш алып барууда. Белгилей кетсек кечээ 12-февраль күнү учуп барган куткаруучулар Түркиянын Газиантеп шаарына самолет менен Бишкек убактысы боюнча 22:00 чамасында конуп, андан ары Кахраманмараш шаарына транспорт менен жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун билдирүүсүндө куткаруучулар тарабынан 106 Түркия жаранынын сөөгү табылган. Ошондой эле 5 жаранды урандылардын арасынан тирүү куткарышкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

БООРДОШУМ

КУТКАРУУЧУ КИМ?

Ооба, ушул суроого жооп бергим келди. Өз өмүрү кыл учунда турса да куткаруучу отко, сууга кирүүгө даяр.

Бүгүн кыргыз куткаруучулары дүйнө дүрбүсүнө алынган түрк элинин оорун колдон, жеңилин жерден алып, алардын ыраазычылыгына, алкышына татып турган чагы.

Түрк атанын, эненин, бир туугандын, эженин, аганын же өмүрлүк жолдоштун кайгысын тең бөлүшүп, кубанычына жол ачууда.

Жер менен жексен болгон имараттын урандысынан бир нече өмүрдү куткаруу анын түздөн-түз милдети. Бирок, кыргыз куткаруучусу жакынын жоготкон адамдын оор абалын жүрөгү менен сезип, жан дүйнөсү ооруп турат.

Ошентсе да куткаруу, сактоо, коргоо бир гана сиздин милдет — КУТКАРУУЧУМ!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

ФОТОСҮРӨТТӨР: https://www.trt.net.tr/kyrgyz/photogallery/turk-duinosu/kyrghyzstandyn-izdoo-kutkaruu-toptoru-kakhramanmarashta 

 

 



Тектеш кабарлар