Евразия экономикалык биримдигинин жыйыны Казакстанда өткөрүлүүдө

Кечээ Казакстандын Алматы шаарында Евразия  экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

1941370
Евразия экономикалык биримдигинин жыйыны Казакстанда өткөрүлүүдө

Кечээ Казакстандын Алматы шаарында Евразия  экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

Казакстандын премьер - министри Алихан Исмаилов баштаган, эки күнгө созула турган жыйынга Биримдиктин башка мүчөлөрү Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда.
Биринчи күнү өткөрүлгөн тар жыйынга чогулган тараптар  Евразия  экономикалык биримдигинин алкагында жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдоого, алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салууга жана Кыргызстандын региондук өнүктүрүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө баа беришти.

Бүгүн өтө турган кеңейтилген жыйында күн тартибиндеги башка маселелер, өзгөчө Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, техникалык жөнгө салуу, темир жол жана жүк ташуу, энергетика сыяктуу маселелер каралат.

5 - Санариптик Алматы эл аралык форумуна Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчылары да катышат.



Тектеш кабарлар