Өзбекстан Ооганстанга темир жол каттамын токтотту

Бул тууралуу Өзбекстан мамлекеттик темир жолдорунун билдирүүсүндө орун алды.

1940818
Өзбекстан Ооганстанга темир жол каттамын токтотту

Өзбекстан Ооганстанга темир жол каттамын убактылуу токтотту.

Өзбекстан мамлекеттик темир жолдорунун билдирүүсүндө, ооган тараптын техникалык тейлөө боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарбаганы үчүн 1-февралдан тарта бул өлкөгө темир жол ташуулары убактылуу токтотулганы белгиленген.

Билдирүүдө тараптар буга чейин темир жолдо 2023-жылдын 1-февралына чейин техникалык тейлөө иштерин жүргүзүүнү макулдашканы эскертилди.

Тараптардын Хайратан-Мазари Шариф темир жолун иштетүү жана тейлөө боюнча да жаңы келишимге кол коюшу керектигин эске салып, Өзбекстандан Ооганстанга товар жана продукциянын жеткирилишин камсыздоо үчүн автотранспорттун колдонула турганы белгиленди.

2010-жылы ноябрда курулган жана Өзбекстандын чек арасынан башталган Ооганстандын Хайратан-Мазары Шариф шаарларын бириктирген 75 чакырымдык темир жол Ооганстанды башка өлкөлөр менен байланыштырган жалгыз темир жол.

Өзбекстан мамлекеттик темир жолдорунун маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери бул темир жолдо болжол менен 28 миллион тонна жүк ташылган.



Тектеш кабарлар