Лавров менен Байрамов Лачын коридорундагы кырдаалды талкуулашты

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Лавров менен Байрамов телефон аркылуу сүйлөштү.

1940417
Лавров менен Байрамов Лачын коридорундагы кырдаалды талкуулашты

 Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Лачын коридорундагы кырдаалды талкуулашты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Лавров менен Байрамов телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Байрамов орусиялык күчтөр убактылуу жайгаштырылган Азербайжандын аймагындагы шахталардын мыйзамсыз иштетилишин жана Лачын жолун кыянаттык менен пайдаланууну токтотуу боюнча нааразылык акцияларында айтылган талаптар азырынча аткарыла электигин, блокада жана гуманитардык кырдаалга байланыштуу дооматтардын негизсиз экенин билдирди.

Армениянын Азербайжан жерлерин 30 жыл оккупациялаганына карабастан, 2-Карабах согушунан (2020) кийин дароо Азербайжандын Армения менен карым-катнаштардын түзүлүшү жана нормалдашуусу үчүн сунуштарын бергенин жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракет кылганын белгилеген Байрамов, Армениянын провокациялары процесске бөгөт койгонун айтты.

Азербайжан 10-декабрда армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгаштырылган Азербайжандын аймагындагы шахталардын мыйзамсыз иштетилишин жана анын натыйжасында экологияга келтирилген зыянды иликтөө жана көзөмөлдөө максатында аймакка эксперттик топторду жөнөткөн, бирок бул командалардын аймакка киришине армяндар тоскоол болгон.

Бул кырдаалдан кийин Азербайжандын экологиялык бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү жана активисттер Азербайжандагы шахталардын мыйзамсыз иштетилишине бөгөт коюу талабы менен 12-декабрда Лачын коридоруна нааразылык акциясын башташкан.

Демонстранттар Азербайжандагы армян калкынын Арменияга барып келүүсүндөгү  жалгыз маршруту болгон жана Лачын коридору деп аталган жолдо  «экологиялык террордун соңуна чыгарылышы» тууралуу ураандар жана баннерлер менен талаптарын билдиришүүдө.



Тектеш кабарлар