Азербайжандагы операцияда 39 киши кармалды

Борбор калаа Баку жана кээ бир аймактарда Ирандын тыңчылык тармагына каршы операция жүргүзүлүүдө.

1940583
Азербайжандагы операцияда 39 киши кармалды

Азербайжанда Ирандын тыңчылык тармагына каршы операцияда 39 киши кармалды. 

Азербайжандын Ички иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, борбор калаа Баку жана кээ бир аймактарда айрым мекеме жана жумуш орундарына кечээ башталган операцияда «динге жамынып жикчилдик иштерди кылган» деген жүйө менен 39 киши кармалды.

Бул кишилердин социалдык тармактарда Ирандын пайдасына үгүт иштерин жүргүзгөндөрү, Азербайжанда секталар аралык кагылыш баштоону каалагандары, Иран чалгындоосу берген милдеттерди аткарып, маалымат жеткиргендери айтылды.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги тарабынан операция жүргүзүлгөн мекемелердин арасында иранчыл берүүлөрү менен таанымал “SalamNews” маалымат агенттиги жана “Интераз” телеканалы бар.



Тектеш кабарлар