Азербайжан-Түркия биргелешкен университети

Алиев борбор шаар Бакуда расмий жолугушууларды өткөргөн улуттук билим берүү министри Махмут Өзерди кабыл алды.

1940700
Азербайжан-Түркия биргелешкен университети

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «Азербайжан-Түркия биргелешкен университетинин курулуусу чоң мааниге ээ болот»,- деди.

Алиев борбор шаар Бакуда расмий жолугушууларды өткөргөн улуттук билим берүү министри Махмут Өзерди кабыл алды.

Жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) байланыштуу видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн кабыл алууда Алиев Түркия менен Азербайжандын билим берүү тармагындагы кызматташуусунда чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилеп: «Азербайжан-Түркия биргелешкен университетинин курулуусу чоң мааниге ээ болот»,-деп айтты.

Түркия менен Азербайжандын эң кыйын күндөрдө бири-биринине колдоо көрсөтүп «бир улут» болуу өзгөчөлүгүн бүткүл дүйнөгө сансыз жолу көрсөткөнүн баса белгилеген Өзер да, кесиптеши Эмин Амруллаев менен карым- катнаштарды жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн аракет кылып жатышканын айтып: «Түркиянын билим берүү системасындагы, өзгөчө кесиптик билим берүү тармагындагы тажрыйбабызды жана трансформацияны сиздер менен бөлүшүүгө абдан кубанычтабыз. Албетте, бир тууган өлкө Азербайжандын билим берүү тажрыйбасын угуу бизге чоң пайда алып келет»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар