ТКТР БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн мөөнөтүн узапртуу чечимине каршы чыкты

Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.

1940076
ТКТР БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн мөөнөтүн узапртуу чечимине каршы чыкты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенттиги Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн (UNFI) аралдагы мандатын 1 жылга узарткан чечимине каршылык көрсөттү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «БУУнун Коопсуздук Кеңеши бүгүн чыгарган чечиминин сүйлөшүүлөрдүн негизине шилтеме жасаган пункттарында дагы бир жолу жер-жерлерде болгон кырдаалды көз жаздымда калтырып, статус-квонун сакталышы үчүн сөздөрдү камтыды жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши бул маселени чындап эле чечүүгө кызыкдар эмес экендигин дагы бир жолу ачыкка чыгарды»,деген сөздөр камтылган.

Эки тараптын жаңы жана расмий сүйлөшүү процессин баштоосу үчүн орток негиз жок экенин белгилеген билдирүүдө, «Кипр түрк эли өз келечегин жеке укуктарына каршы диктаталанган мажбурлоочу негиздерге жана чечим моделдерине тапшырбайт. Кипрде чечимге кызыкдар экенин билдирген эл аралык чөйрөлөргө статус-квону сактоого багытталган билдирүүлөрдөн алыс турууну жана бир негизди колдоону сунуш кылабыз. Бул боюнча эки тарап макулдаша алат»,- деген баалоо жүргүзүлдү.

Билдирүүдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин Жабык Марашка байланыштуу билдирүүлөрү эл аралык коомчулуктун өзгөрүүлөргө карата тайыз саясатынын бир көрүнүшү экени белгиленип, «эл аралык коомчулуктун бир жактуу мамилеси жана Румдардын макулдашылгыс мамилесинин» Мараштын 2020-жылга чейин жабык болушунан жооптуу экенин баса белгиледи.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Саясий процесске карата позициябыз сыяктуу эле, Кипрдин түрк эли өз келечегин өзү аныктайт жана өлкөбүздүн эч бир жери румдардын эркине берилбейт. Резолюцияда Кипр түрк калкынын ондогон жылдар бою адамкерчиликсиз обочолонуусу жөнүндө сөз болболбогонун, ага себепкер болгондордун чындыкты жашырып, уят-сыйыттарын жаап-жашыруу аракетине күбө болуудабыз».

Билдирүүдө БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы иш-аракеттерин мыйзамдуу негизге коюунун маанилүү экени белгиленип,

«ТКТР чек араларында жакшы ниет менен иш-аракеттерин жүргүзө алган БУУнун бул мамилеси биз көрсөткөн сабырдуулукту кыянаттык менен пайдалануу катары каралууда. Президентибиздин күтүүсү бул темада тез арада эки тарап үчүн тең кабыл алына турган келишимге жетиши»,-деп айтылган.



Тектеш кабарлар