Түркмөнстанда 26 - мартта парламенттик шайлоо болот
Депутаттыкка талапкерлик үчүн кайрылуулар 24 - февралга чейин улантылат.
1938659
Түркмөнстанда депутаттыкка талапкерлик үчүн кайрылуулардын 24 - февралга чейин улантылары жарыяланды.
Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан берилген маалыматка караганда депутаттыкка талапкерлик үчүн кайрылуулар 24 - февралга чейин улантылат.
Түркмөнстандын шайлоо мыйзамына ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу жарандык демилгелүү топторго, ошондой эле саясий партияларга таандык.
Баш мыйзамга ылайык, 5 жылда бир өткөрүлүүчү парламенттик шайлоо 26 - мартта өткөрүлөт.