Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилди

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да Шейиттер монументине барып, шейит мазарларына гвоздика таштап, дуба кылды.

1935872
Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилди
azerbaycan kanli ocak anma.jpg
azerbaycan kanli ocak anma1.jpg
azerbaycan kanli ocak anma2.jpg

Азербайжанда көз карандысыздыктын символуна айланган жана тарыхка «Кандуу   январь» деп өткөн 20 -  январдагы геноциддин курмандыктары эскерилүүдө.

Азербайжандыктар 1990 – жылдагы геноцидде каза болгондорду эскерүү үчүн Баку шейиттеринин монументине барышты. Мүрзөлөргө  кызыл гвоздикаларды таштаган жарандар шейиттерге дуба кылышты.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча бардык шейиттер бир мүнөттүк эскерүү менен эскерилди. Баку метросунун 20 -  январь станциясында да саат  12:00дө шейиттер эскерилди.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да Шейиттер монументине барып, шейит мазарларына гвоздика таштап, дуба кылды.

Элчи Багжы зыяраттан кийин журналисттерге берген маегинде 20 -  январдын Азербайжан тарыхында абдан маанилүү бир бурулуш жери болгондугун айтты.

Багжы : «20 -  январь көз карандысыздык жана эгемендикти алып келген, бир миллион киши «Азадлык» аянтында эркиндик үчүн үнүн чыгарган кыймылдын башталышы. Шейиттерге Аллахтын ырайымын тилейбиз. Алар эч качан унутулбайт. Азербайжандын жана боордош Түркия калкынын жүрөгүндө ар дайым жашашат»,- деди.

1990 - жылдын башында армяндардын жана Совет бийлигинин күчөгөн аймактык талаптарына өз каршы чыгууну  каалаган миңдеген азербайжандык Бакунун «Азадлык» аянтына барып, узак мөөнөттүү митингдерди башташты.

Митингдерди таратуу үчүн 20 -  январда Бакунун түрдүү аймактарына кирген Советтик армия араларында аялдар менен балдар да болгон 150гө жакын жаранды кырып, жүздөгөн кишини жаралады.

Шейиттердин  сөөктөрү жүз миңдеген кишинин катышуусу менен кызыл гвоздикалар менен бүгүнкү аты  Шейиттер монументи болгон көрүстөнгө коюлду. Азербайжандыктар 33 жылдан бери жыл сайын  20 - январда курмандыктарынын символуна айланган гвоздика гүлдөрү менен шейиттикке  келишет.



Тектеш кабарлар