Казакстанда парламент таркатылды
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев парламенттин таратылышы жана 19 - мартта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев парламенттин таратылышы жана 19 - мартта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Президенттик аппараттын билдирүүсүндө Токаевдин 2022-жылдын июнь айында өткөн конституциялык референдум менен Казакстанда адилеттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү башкаруу системасына өтүү процессинин башталганын жарыялаганы белгиленди.
Президент Токаев мындан кийин парламенттик шайлоодо аралаш системанын колдонула турганын белгилеп : «Парламент жана жергиликтүү кеңештин түзүлүшүнө карата бул жаңы модель шайлоочулардын кызыкчылыктарын улуттук, аймактык деӊгээлде толук коргойт жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында кеңири көз караштарды камсыз кылат»,- деп баа берди.
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун алкагында жаңы саясий партияларды түзүү процессинин жеңилдетилгенин белгилеген Токаев саясий партиялардын парламентке өтүү босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлгөнүн эске салып, бул бардык мекемелик өзгөрүүлөрдүн саясий атаандаштыкты күчөтүп, жаңы саясатчыларга жол ача тургандыгын белгиледи.