Алиев: "Биздин максат кайра жаралуучу энергия"

Алиев Абу-Дабиде өткөрүлгөн Туруктуулук жумалыгынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1933421
Алиев: "Биздин максат кайра жаралуучу энергия"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүнүн болжол менен 200 гигаватттык кайра жаралуучу энергия потенциалына ээ экенин билдирип: «Азыр биздин максат кайра жаралуучу энергия»,- деди.

Алиев Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиде өткөрүлгөн Туруктуулук жумалыгынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, кайра жаралуучу энергия булактарынын маанисине басым жасап, Азербайжандын бул жаатта чоң потенциалга ээ экенин, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү менен экспортту диверсификациялай тургандарын жана экологиялык жактан таза экономика секторун түзө тургандарын айтты.

Өлкөсүнүн кайра жаралуучу энергия потенциалына токтолгон Алиев: «Жер бетинде 27 гигаватт шамал жана күн, оккупациядан бошотулган жерлерибизде 10 гигаватт шамал жана күн, Каспий деңизинин Азербайжан бөлүгүндө 157 гигаватт шамал энергиясы бар. Б.а орто эсеп менен 200 гигаватттын кайра жаралуучу энергия потенциалыбыз бар. Бизге экспорттук жолдор керек. Бул долбоорлордун баарын этап-этабы менен ишке ашырып жатабыз»,-деди.

Кечээ БАЭнин Масдар компаниясы менен Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) ортосунда 4 гигаваттык шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген Алиев: «Азырынча бул кыска мөөнөттүү долбоор. Орто мөөнөттүү долбоорлордун натыйжасында электр кубаттуулугу 10 гигаваттка чейин көтөрүлөт. Бул ишке жарамдуу долбоор. Биздин жол картабыз да даяр. Масдар менен кызматташуубуз Азербайжанды абдан маанилүү жашыл энергия экспорттоочусуна айлантат»,-деди.

Алиев Азербайжандын эл аралык энергетика компаниялары менен кол койгон түшүнүшүү меморандумунун жана келишимдердин негизинде болжол менен 22 гигаватт шамал жана күн энергиясы өндүрүлө турганын белгилеп: «Азербайжанда абдан позитивдүү инвестициялык климат бар. Биз мунай жана газ тармагына ири инвестицияларды тарттык. Азыр биздин максат - кайра жаралуучу энергия. Чоң пландарыбыз бар жана мен ийгиликке жетебиз деп ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар