Казакстанда ызгаардуу суук уланат

Өлкөдө Арктика антициклонунун түндүк облустардан түштүккө карай жылып жатканы кабарланды.

1930714
Казакстанда ызгаардуу суук уланат

Казакстанда арктикалык антициклондон улам бул аптада өлкө боюнча суук аба ырайы таасирдүү болот.

Казакстандын Улуттук метеорология борборунун (Казгидромет) билдирүүсүндө, өлкөдө күчөгөн Арктика антициклонунун түндүк облустардан түштүккө карай жылып жатканы кабарланды.

Билдирүүдө абанын температурасы бул жумада өлкөнүн чыгыш жана түндүк аймактарында 40 градус суукка, түштүк жана батыш аймактарында 30-35 градуска чейин төмөндөй турганы эскертилди.

Өлкөдөгү жашоого да терс таасирин тийгизген өтө суук аба ырайынын себебинен борбор калаа Астана баш болгон көптөгөн аймактардын мектептери дистанттык окууга өтүп, аэропорттордо каттамдар кармалууда.

Ички иштер министрлиги да аба ырайынын катаал шарттарынан улам дизелдик унаалар жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар менен алыскы жолго чыгууга убактылуу тыюу салынганын билдирди.



Тектеш кабарлар