Татар: «Түрк аскери коопсуздугубуздун кепили»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар басма сөзгө маалымат берди.

1915919
Татар: «Түрк аскери коопсуздугубуздун кепили»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипр түрк калкынын коопсуздугу түрк аскерлеринин аралда болушу менен гана камсыздала турганын айтты.

Татар басма сөзгө берген баалоосунда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаратылыш газ, көмүр-кычкылтек, энергетика жана башка тармактардагы өнүгүүлөрдүн ТКТРдин аймактагы саясий жана стратегиялык маанисин арттырганына көңүл буруп, аба мейкиндиги жана деңиз юрисдикциясынын аймактарында өлкөнүн үстөмдүгүнүн маанисине көңүл бурду.

Татар ушул себептен Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы кээ бир аймактардын куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарды (КУУА/УУА) жайгаштыруу үчүн Түрк куралдуу күчтөрүнө (TКK) берилгенин, Түрк Аба күчтөрүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аба мейкиндигинде үстөмдүгүн камсыздоосу аларга күч бергенин белгиледи.

Кипрдин Рум башкаруусунун (GCA) жакында куралдануу программаларына бөлгөн бюджетине жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) румдарга каршы курал эмбаргосун жоюусуна токтолгон Татар: «Кипрдин Рум бөлүгү дагы да куралданат деген маалымат бар»,-деди.

Татар: «Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу акыркы 3 жылда курал-жаракка 500 миллион евро коротту. Бирок Түркия Республикасына каршы бул аракеттери текке кетти»,-деп айтты.

Татар, президент болуп шайланган 2020-жылдан тарта Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаңы саясатка бурулуп, федералдык негиздеги мамлекеттин ордуна тең эл аралык статуска ээ эки эгемен мамлекет принцибине өткөнүн айтты.

Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TDT) байкоочу мүчө катары кабыл алынышынын 2022-жылдын ТКТР үчүн маанилүү жыл болгонун белгилеген Татар, таануу шарттары жагынан Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), ТМУнун мүчөлөрү жана Африка өлкөлөрүнүн акыркы мезгилде Түндүк Кипр Түрк Республикасына тилектештигин билдиргенин айтты.

ТКТР президенти:«Убакыттын өтүшү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кабыл алынышы, таанылуусу жана кадыр-баркы өсөт»,-деди.



Тектеш кабарлар