Нахчывандын бажы кызматы

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетин жоюу жөнүндө токтомго кол койду.

1912957
Нахчывандын бажы кызматы

Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик Бажы комитети Азербайжандын Борбордук Бажы комитетине кошулду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетин жоюу жөнүндө токтомго кол койду.

Комитетке караштуу бөлүмдөр, жаңыдан түзүлгөн Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин Нахчыван башкы башкармалыгына кошулду.

Ушундайча Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Улуттук Парламентинин төрагасына баш ийген бажы комитети түздөн-түз Бакудагы борбордук бийликке баш ийген болду.

Буга чейин Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жоюлуп, борбордук бийликке кошулган.

Азербайжанга караштуу, бирок ошондой эле өз конституциясы бар Нахчыван Автономиялуу Республикасынын ички башкаруусун Парламенттин төрагасы жетектейт.  



Тектеш кабарлар