Азербайжан 13 армян аскеринин сөөгүн Арменияга тапшырды
Бул тууралуу Азербайжандын Туткун, дайынсыз жана барымтадагы жарандар боюнча мамлекеттик комиссиясынын билдирүүсүндө орун алды.

Азербайжан 12-13-сентябрда эки өлкөнүн ортосундагы кагылышууда каза болгон 13 армян аскеринин сөөгүн Арменияга тапшырды.
Азербайжандын Туткун, дайынсыз жана барымтадагы жарандар боюнча мамлекеттик комиссиясынын билдирүүсүндө 12-13-сентябрь күндөрү кагылышуу болгон аймакта каза болгон армян аскерлеринин сөөктөрү изделгени белгиленди.
Билдирүүдө тинтүүлөрдүн натыйжасында табылган 13 армян аскеринин сөөгү Азербайжан Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан каралып, сөөктөрдө зордук-зомбулук издери табылбаганы аныкталгандан кийин алардын Эл аралык Кызыл Чырым уюму аркылуу Арменияга тапшырылганы билдирилди.
Азербайжан сентябрда Арменияга 127 сөөктү жеткирген.
Азербайжандын Коргоо министрлиги жаңжал 12-сентябрга караган түнү Азербайжандын Дашкесен, Келбежер, Лачын жана Зенгилан багыттарында армян күчтөрүнүн кеңири масштабдуу провокациясынын натыйжасында башталганын жарыялады.
Дипломатиялык байланыштардын натыйжасында 2-Карабах согушунан кийинки эң чоң кагылышууда Азербайжан менен Армениянын ок атышпоо боюнча макулдашканы билдирилди.
Азербайжан 80 аскеринин шейит болгонун жарыяласа, Армения шейит болгон армян аскерлеринин санын 207 деп жарыялады.