Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө үч тараптуу декларациялардын аткарылышы талкууланды.

1911384
Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2 - Карабах согушунан кийин Азербайжан, Россия жана Армениянын ортосунда кол коюлган үч тараптуу декларациялардын аткарылышын талкуулашты.

Азербайжандын президенттигинин билдирүүсүндө Путиндин Алиев менен телефон аркылуу байланышканы маалымдалды.

Билдирүүдө Путин менен Алиевдин аймактагы экономикалык карым - катнаштар жана транспорттун ачылышына байланыштуу  маселелерге токтолуп, Россиянын, Азербайжадын жана Армниянын  лидерлери кол койгон үч тараптуу декларациялардын кенен түрдө ишке ашырылышы үчүн таштала турган кадамдарды сүйлөшкөнү маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар