Борбордук коридорду жакшыртуу боюнча жол картасына кол коюлду

Казакстандын Каспий деңизинин жээгиндеги порт шаары Актауда Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Грузиянын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин экинчи жыйыны өттү.

1911221
Борбордук коридорду жакшыртуу боюнча жол картасына кол коюлду

Түркия, Азербайжан, Казакстан, Грузиянын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин ортосунда Транскаспий эл аралык транспорт жолун (Борбордук коридор) өнүктүрүү үчүн 2022-2027-жылдарга карата жол картасына кол коюлду.

Казакстандын Каспий деңизинин жээгиндеги порт шаары Актауда Түркия, Азербайжан, Казакстан, Грузиянын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин экинчи жыйыны өттү.

Транскаспий эл аралык жүк ташуу жолун өнүктүрүүдө жол картасына кол коюлушунун маанилүү кадам экенин баса белгилеген Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди, бул документтин координациялоо боюнча гана иш алып барбастан, так долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын айтты.

Жолугушууда Грузияны да араларында көргөнүнө кубанычта экенин билдирген Тилеуберди: «Ири транспорттук долбоорлордун көбү Грузиянын аймагы аркылуу өтөт жана биз Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун, ошондой эле Баку-Тбилиси-Жейхан менен Баку-Супса мунай куурларынын кубаттуулугун өнүктүрүүгө оптимисттик көз караштабыз»,- деди.

Казак министри келерки жылдан тарта Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу мунай ташууну пландап жатышканын да маалымдады.

Борбордук коридордун кубаттуулугун 2025-жылга чейин жылына 10 миллион тоннага чейин көбөйтүү максатталууда.  



Тектеш кабарлар