Алиев : "Азербайжандыктарды коргоо үчүн колубуздан келгенди аткарабыз"

Борбор шаар Бакудагы АДА университетинде «Орто коридору боюнча : геополитика, коопсуздук жана экономика» деген темада эл аралык конференция өткөрүлдү.

1911118
Алиев : "Азербайжандыктарды коргоо үчүн колубуздан келгенди аткарабыз"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 7 - декабрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Армения жана Европа Биримдиги (ЕБ) менен үч тараптуу форматта пландалган жолугушууга катышпай турганын билдирди.

Алиев Бакудагы ADA университетинде өткөрүлгөн «Орто коридор: геосаясат, коопсуздук жана экономика» аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Бул жерде эл аралык стратегия жана коопсуздук борборлорунун жетекчилеринин суроолоруна жооп берген Алиев декабрь айында Азербайжан, Армения жана Европа Биримдигинин ортосундагы   үч тараптуу жолугушууга катышпай турганын билдирди.

Алиев Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын Франциянын президенти Еммануэль  Макрон катыша турган болсо  жолугушууну кабыл алгандыгына байланыштуу Шарль Мишелдин кеңсесинде маалымат берилгендигин белгиледи. 

Азербайжандын президенти сөз болуп жаткан кырдаал үчүн : "Бул жолугушуу болбойт дегенди билдирет",- деди. 

Бир тараптан Илхам Алиев өлкөсүнүн өзгөчө өлкөсүнүн аймак өлкөлөрү менен жакшы мамиле түзүүгө маани бергендигин айтты.

Иран менен карым  - катнаштарга токтолгон Алиев : "Мен Ирандын үч президенти менен иштештим: (Мухаммед) Хатами, (Махмуд) Ахмадинежад жана (Хасан) Рухани. Ушунча жыл бүгүнкүдөй эч бир абал болгон жок. Азербайжанга каршы эч качан жек көрүү жана коркутуу болгон эмес. Иран бир нече айдын ичинде чек арабызда эки аскердик машыгуу өткөрдү»,- деди.

Алиев Азербайжанга каршы бардык билдирүү жана кыймылдарга ар дайым жооп беришкендерин жана бере тургандарын баса белгилеп буларды айтты : «Ушул себептен Иран чек арасында алардан коркпогонубузду көрсөтүү үчүн аскердик машыгуу өткөрүүгө туура келди. Азербайжандын светтик жашоо образын жана Ирандагы азербайжандыктарды, дүйнөдөгү азербайжандыктарды коргоо үчүн колубуздан келгенди аткарабыз. Алар биздин адамдарыбыздын бир бөлүгү».



Тектеш кабарлар